Мамэкотехинспекция тарабынан талаптарга таптакыр жооп бербегендигине байланыштуу курулушту токтотуп, кайра имаратты бекемдөө боюнча тапшырма берилген.
Бирок ага карабастан “Таштан курулуш” ЖЧКсы куруу иштерин толугу менен бүтүрүп койгон.
Инспекторлордун текшерүүсүнүн жыйынтыгында курулуштун чатыры улама чатырчадан туруп, дубалдарынын жыртыктарын бүтөп койгон.
Катуу шамал болсо өрт чыгып кетүү коркунучу күчүндө жана сейсмикалык талаптарга шайкеш келбейт. Эгерде 5ж е 6 баллдагы жер силкинүү катталса бул имарат толугу менен жооп бербейт деп кошумчалашты адистер. Бирок ага карабастан учурда Ак-Талаа сотунун имаратында кызматкерлер кирип иш алып барышууда.
Учурда инспекторлор ишти прокуратурага өткөрүштү.