Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүнкү, 17-октябрдагы жыйынында «Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясы каралды.
Демилгечилердин бири «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров мыйзам долбоору менен мамлекеттик жер пайдалануучулардын карамагында турган жер тилкелерин ижарага берүү шарттарын жана тартибин КР Өкмөтү аныктаары белгиленүүдө.
Бүгүнкү күндө мамлекеттик мүлк, алардын ичинде жер тилкелерди мамлекеттик пайдаланучуларга (мамлекеттик органдар, мамлекеттик ишканалар, мекемелер) чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкарууга өткөрүлүп берилген. Маселен, ЖОЖдордун жер тилкелери, Ысык-Көл жээгиндеги пансионаттар. Мамлекеттин менчигиндеги имараттарды, курулуштарды, жайларды ж.б. ижарага берүү шарттарын КР Өкмөтү аныктап келүүдө. Бирок мамлекеттик жер тилкелерин ижарага берүү шарттары, тартиби жана жер пайдалануу үчүн саналуучу төлөмдөрдүн методикасы бүгүнкү күндө жок. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынып калса, тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн 30%дык ижара төлөмдөрүнүн эсебинен мамлекеттик бюджетке каражат түшөт. Ошону менен катар мындай өзгөртүү мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатат.
Талкууда депутаттар тарабынан айтылган бир катар сунуш-пикирлердин негизинде мыйзам долбоору 2-окууга чейин дагы жакшылап, бышырылып келмей болду.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун 1-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.