Ала-Тоо кинотеатрдын жанынан тигилген 800дөй ак жана кызыл жоогазындар 18ине караган түнү тамыры менен казылып кеткен. Ар бир көчөт 16 сомдон алынган. Азыркы учурда милиция кылмышкерлерди издөөдө.

«Гүлдөр дагы бир жума гүлдөп, шаар тургундарынын көңүлүн алмак. Жоогазындар ар кайсы эле жерден алынып, ал эми 6 кв.метр жерде баардыгын казып кетишиптир», — деп Saat.kgге «Жашыл курулуштун» адиси Лариса Имангазиева айтып берди.

Бул тюлпандардын сезону бүтүп калгандыктан, дагы тигилбейт. Бирок, алардын ордуна 20-апрелден тарта жаңы сальвия, тагетис, львиный зев, агератум, цинерария, пеларгония отургузулат.