ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган депутаттар Кытайдын Чунцин шаарында өткөн “КЭРдин Коммунистик партиясынын дүйнө менен диалогу — 2016-жыл”  форумунун алкагында, шамал энергиясын өндүрүүчү жабдыктарды чыгарган «Хайчжуан» компаниясынын иши менен таанышты.

Ишкананын өндүрүшү тууралуу маалымат алган Турсунбеков Кыргызстандын альтернативдүү электр энергия булактарына муктаж экенин белгиледи. Бул жаатта тажрыйба алуу өлкөбүз үчүн өтө маанилүү болорун билдирди. Ошондой эле, альтернативдүү электр энергия булактарын Кыргызстанда да ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрү арбын экенине токтолгон спикер, биргелешкен ири долбоорлорду ишке ашыруу зарылчылыгын да белгиледи.

Кытайдагы алдыңкы өндүрүш ишканаларынын катарында турган «Хайчжуан» компаниясы шамал энергиясын өндүрүүчү жабдыктарды чыгаруу менен алектенип, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнө экспорттойт.