ЖКнын эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети “Дүйшөмбү шаарында 2015-жылдын 15-сентябрында кол коюлган, 2003-жылдын 28-апрелиндеги жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндө макулдашуунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жана ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун жактырды.
Протоколго ылайык, 2006-жылдын 23-январында күчкө кирип, 10 жылдык мөөнөткө түзүлгөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин темир жолдорун техникалык жактан калкалоонун бирдей тутумун түзүү жөнүндө макулдашуунун мөөнөтү узартылып жатат. Ошону менен бирге, азыркы учурдун талабы эске алынуу менен, Протоколго бир катар өзгөртүүлөр киргизилүүдө.
Протоколду ратификациялоо кыргыз тарапка темир жолдорун техникалык жактан калкалоого байланышкан маселелерди чечүүгө жардам берет, жана кайтарымсыз техникалык жардам алуу үчүн Россиянын Коргоо министрлигинин мүмкүнчөлүктөрүн колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.