Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн өлкөгө визит менен келген принц Карим Ага Хан IV менен жолукту.
Жолугушуу башында мамлекет башчысы активдүү коомдук ишмердиги жана Кыргызстандагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандыгы үчүн принц Карим Ага Хан IV «Данакер» орденин тапшырды. Ага Хандын өнүктүрүү түйүнүнүн ишмердигин Кыргызстан жогору бааларын жана уюм менен кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө чоӊ маани берерин президент белгиледи.
Мамлекет башчысы элдер менен мамлекеттерди бириктирүүдө зор роль ойногон инсандарга бериле турган «Данакер» орденин Принц Карим Ага Хан IV тапшыруу чоӊ сыймык экенин айтты. «Колдооӊуз жана активдүү коомдук ишиӊиз үчүн, Кыргызстандын айыл чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарында маанилүү социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандыгыӊыз үчүн Сизге бүт Кыргызстан элинин атынан ыраазылык айтам», — деди Алмазбек Атамбаев. Мамлекет башчысы ошондой эле Чоӊ жана Кичи Памирдеги теги кыргыздарга такай көрсөтүп келаткан колдоосу үчүн да Принц Карим Ага Хан IV ыраазылыгын жолдоду.
Принц Карим Ага Хан IV жылуу кабыл алып жана жогорку мамлекеттик сыйлык тапшыргандыгы үчүн Президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылыгын билдирди. «Мен кайрадан Кыргызстанга келгениме кубанычтамын. Сиздердин өлкөгө ар бир жолу келген сайын өзүмдү бактылуу сезем. Сиздин колуӊуздан мамлекеттик сыйлык алганыма сыймыктанып турам», — деди ал.
Принц Карим Ага Хан IVнүн сөзү боюнча, Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөр өлкө үчүн гана эмес, бүт регион үчүн маанилүү. Анын айтымында, Кыргызстан глобалдык маселелерден болгон плюрализмди ийгиликтүү өнүктүрүп жатканы менен айырмаланат.
«Реформаларды ишке ашырууга өбөлгө болгон, мамлекетти өнүктүрүүгө көмөк бере турган өзгөчө чөйрөнү түзө алганыӊыз үчүн Сизге ыраазылык айтам», — деди принц Карим Ага Хан IV.
Жолугушууда Атамбаев менен Карим Ага Хан IV Кыргызстан менен Ага Хан уюмунун ортосундагы кызматташтыктын маселелерин жана мындан аркы өз ара аракеттенүүлөр перспективаларын талкуулады.