Бүгүн саат 16:00дөн тарта Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө киргизилди.

ӨКМ билдиргендей, Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарыда кар борошонун кесепетинен унаалардын каттамына оорчулук жаратты.

17-19-октябрга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт деп шашылыш билдирүү берилген.

18-октябрда күндүн экинчи жарымында жана 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

ӨКМ алыскы жолго аттанган айдоочулар, жолго керектүү шаймандарды ала жүрүү менен унаалардын жайкы дөңгөлөгүн кышкысына алмаштыруу керек  экенин эскертет.