Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн Кыргызстанга Нарын облусундагы Борбор Азия Университетинин ачылышына катышуу үчүн жумуш сапары менен келген Ханзаада Карим Ага Хан IV менен жолугушту.
Өкмөт башчысы Ага Хан фондун социалдык-экономикалык, билим берүү тармагындагы долбоорлорго катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алардын ийгиликтүү ишке ашып жатканын белгиледи. Сооронбай Жээнбеков мисал катары Ош шаарындагы Ага Хан мектебин жана Нарын шаарындагы медициналык диагностика борборун атады.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Ага Хан фонду ири акционер болгон Кыргыз-кредит инвестициялык банкынын (KICB) өлкөдөгү кичи жана орто бизнеске салым кошкондугун баса белгиледи.
Ханзаада Карим Ага Хан IV фонддун келечектүү багыты катары билим берүү тармагына инвестиция тартуу болуп саналаарын билдирди. Ал Нарындагы Борбор Азия университетининин ишке кириши менен, өлкөдөгү билим берүү борборлорунун бири болуп калаарына ишеним артты. Борбор Азия Университети Нарын мамлекеттик университети менен активдүү кызматташууну баштап, мугалимдерди англис жана кыргыз тилдерин окутууда.
Ханзаада Ага Хан IV ошондой эле фонддун айыл чарба, өнөр жай жана курулуш инфраструктура тармактары боюнча долбоорлорун ишке ашырууга даяр экендигин билдирди.
Жээнбеков өкмөт фонд менен аймактардын социалдык-экономикалык абалын, жарандардын жашоо деңгээлин жакшыртуу боюнча бардык долбоорлору боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.