Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүнкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши күтүлөт. 19-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° үшүк, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8° суук, күндүз  -1…-6° суук болушу ыктымал.

Мындай жаан-чачындуу аба-ырайы айыл-чарба, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Абанын температурасынын төмөндөшү жыйналбаган жашылчага, мөмө жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.