Өзбекстандагы жергиликтүү ММКлар билдиргендей, МИ-171 учагы 18-октябрда кулап, 9 адам каза болгон.
Коргоо министрлиги окуяны кокустан болгон кырсык катары баалады. Каргаша учурунда экипаждын үч мүчөсү жана алты аскер кызматкери мерт кетти. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.
Өзбекстан бийлиги каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Расмий билдирүүдө белгиленгендей, МИ-171 пландуу учууларды жүргүзүп жатып кулаган.
Орусиядан алынып келинген МИ-171 учактары 2009-жылдан бери 7 жолу кулаган. Бул авиакатастрофалардын кесепетинен жалпысынан 41 адам набыт кеткен.