КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев ЖК жыйынында банк ячейкалары, «Мегаком», марадерлук, Кадыржан Батыровду ким чыгарды деген маселелер боюнча комиссия түзүүнү сунуштады.
«Эгерде комиссия түзүп булардын аягына чыкпасак бул парламенттин алсыздыгы. Элдин баары карап турат. Эки жума мурун бул маселе боюнча митинг өткөн. Биз бир айдан бери ушул маселени чечүү үчүн комиссия түзгөнгө жарабадык. Бүгүндөн калбай чечели. Парламент менин сунушумду колдобосо, элге чыгып айталы. Менде болгон маалыматтардын бардыгын элге айтып, митингде алар менен болоюн. Менин башка аргам калбай калды», — дейт Мискенбаев.
Ал эми спикер Чыныбай Турсунбеков аны регламентти жакшылап кароого чакырды.
«Бул маселе комитет же фракция аркылуу келет. Фракциядан чечимди алып кел анан бул жактан добушка коёбуз», — деди төрага.