Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети “Жаш геолог” кыймылын кайрадан калыбына келтирүүдө.
Бул кыймыл 35 жыл мурда пайда болгон. Советтер союзу учурунда балдарга арнап, ар кандай иш чаралар уюштурулуп келген. Кыргызстан эгемендүүлүк алган биринчи жылы эле мамлекет тарабынан колдоо тапкан эмес. Кыймылга терс маанайда карашкан. Жаш геологдордун иши 2014-жылы кайрадан калбына келип баштаган. Мамлекеттик геология агенттигинин колдоосу менен Казакстанда өткөн олимпиадага 3 мектеп окуучусу жана 2 тарбиялоочу даярдалган. Иш-чарага Кыргызстан байкоочу катары катышкан.
Ал эми 2015-жылы болсо Орусияга 8 адам барып, 45 команданын ичинен 42-орунду алып келишкен.
Быйыл өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети колдоо көрсөтүп, Казакстанга эки команда олимпиадага катышууга барган. Ал жактан 25 команданын ичинен Кыргызстан 5-орунга ээ болгон. Эми келе жаткан жылы олимпиада Орусияда өткөрүлмөкчү.
Кечээ комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Казакстанда өткөн олимпиададан жакшы жыйынтык менен келген жаштарды куттуктады.
Ошол эле учурда балдардын тарбиялоочулары колдоо көрсөткөн Зилалиевге ыраазычылык билдирди.