Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-россиялык өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды.

Жолугушууда мамлекет башчысы кичи жана орто бизнес объектилерин каржылоо боюнча аткарылып жаткан иштер жана өнүктүрүү фондунун ишмердигинин артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат алды.

Кулматов ошондой эле Кыргызстанда импортту алмаштырууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экспорттук жөндөмүн арттырууга багытталган долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү үчүн эл аралык финансы институттарынын ресурстарын тартуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Атамбаев мындан ары кичи жана орто бизнести, анын ичинде өлкө банктары аркылуу да, арзан жана узак мөөнөттүү насыялар менен, камсыз кылуу үчүн өнүктүрүү Фондунун ишин бардык багыттар боюнча активдештирүүнүн маанилүү экендигин баса белгиледи.