Сентябрда “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 292,3 млн кВт саат электр энергиясы келип түштү.
“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 361,4 млн сомду түзүп, анын 392,5 млн сому же 108,6 % чогултулган.
Бул айдагы көргөзүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу:
- калк арасында – 107,3 %
- өндүрүштүк объектилерден- 107 %
- бюджеттик уюмдардан – 110,9 %
- айыл чарба объектилеринен – 114,9 %
- жана башка керектөөчүлөрдөн – 110 % аткарылды.
Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан сентябрдагы төлөм чогултуу төмөндөгүдөй:
- Бишкекте төлөм чогултуу 111,6 %
- Чүй облусунда – 102,8 %
- Талас облусунда – 127,6 %
Сентябрь айынын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 7,88 % түздү.