Экотехинспекциянын өрт көзөмөлү тарабынан инспекторлор 9 ай ичинде республика боюнча жалпысынан 2211 текшерүү өткөрдү.

Анын ичинен пландуу 1045, пландан тышкары 614, контролдук 550.

2211  текшерүүнүн ичинен 622 мамлекеттик ишканалар, 416 ишкердик субъектилер жана 7 жеке жактар текшерилди.

Өткөрүлгөн текшерүүлөрдүн негизинде 11507 мыйзам бузуулар табылган, алардын негизинде  402 протокол жана токтом берилген.

Берилген токтомдордун негизинде 2 млн 179 миң сом административдик айып салынып, анын ичинен 1 млн 769 миң 200 сом республикалык бюджетке өндүрүлгөн.

Бийлик органдарына жалпысынан көмөк көрсөтүү үчүн  1 материал жиберилген.

Бүгүн мамэкотехинспекциясынын 9 айлык коллегиясы өттү.