Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү боюнча, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына, жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоону уюштуруу жана техникалык маселелерине көмөктөшүү максатында республикалык штабдын биринчи жыйыны өттү.
Премьер-министрдин буйругуна ылайык, штабдын төрагасы болуп биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев дайындалды. Анын орун басары Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев болду. Республикалык штабдын курамына министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кирди.
БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоо боюнча» Жарлыгынын негизинде шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында өтө тургандыгын маалымдады. 397 айылдык жана 22 шаардык кеңеште шайлоо болот. Бүгүнкү күндө аймактык жана участкалык комиссияларды керектүү жабдуулар жана байланыш менен камсыз кылуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин маалыматында шайлоочулардын тизмесин тактоо жана каттоо иштери да жүрүп жатат. Алдыдагы боло турган шайлоодо ID-карта жана андагы көрсөтүлгөн дарек боюнча гана шайлоого болорун кошумчалады.
Жээнбеков азыркы шайлоо системасы шайлоону акыйкат жана ачык өткөрүүгө мүмкүндүк берерин баса белгиледи. Өкмөт башчысы белгилегендей, штабдын башкы милдети БШК аймактык жана участкалык комиссияларга, жергиликтүү кеңешке шайлоолорду өткөрүүдө, уюштуруу жана керектүү жабдуулар менен камсыздоо иштерине убагында көмөк көрсөтүү болуп саналат.
Жыйындын соңунда мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө шайлоо мыйзамдарына ылайык жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.