Орусиянын 201-аскер базасынын кызматкери Дмитрий Толстой тарабынан бычак менен жараланып, сабалган жаш тажик таксист Тохир Султонов моралдык жана материалдык компенсация ала алган жок.

Тажикстандагы 201-орусиялык аскер базасынын жетекчилиги жабырлануучунун көптөгөн кайрылуусун көңүл сыртында калтырган. Жактоочунун айтымында, база Дмитрий Толстойду “акылынан айныган” адам катары көрсөтүүгө далалат кылууда.

Таксистке отуз жолу бычак урган 23 жаштагы Толстой учурда Орусияда. Ал Екатеринбургдагы психотерапиялык клиникага жаткырылган. Жабырлануучу тарап соттун чечими жана он ай мурдагы ишти иликтөө боюнча кабардар эмес.

Тохир Султонов жана анын адвокаты Орусиянын 201-аскер базасынан 5 миллион рубль компенсация талап кылган. Жабырлануучу 20 күн ооруканада дарыланып, автоунаасын ремонттон өткөрүп, 56 миң сомони (7000 доллардан ашуун) короткон. Ден соолугу начар экенине карабай, Султонов Орусияга иштеп келүү үчүн сапар тарткан.