Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге 19 кишинин өлүмү менен коштолгон тик учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.

Прмеьер-министр Сооронбай Жээнбеков Дмитрий Медведевге көңүл айтты.

“ Ямал-Ненец автономиялуу округунун аймагында тик учактын кыйрашынын натыйжасында көптөгөн курмандыктарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам”, — деп айтыла көңүл айтуусунда.