Ооганстанда апийим өндүрүү быйыл 10 пайызга өстү.

БУУнун наркозаттар жана кылмыштуулук боюнча агенттиги 23-октябрда жарыялаган жылдык отчетунда апийим эгилген жерлердин жалпы аянты 10 пайызга көбөйүп, 201 миң гектарды түзгөнүн жазат. Бул апийим өндүрүүнүн көлөмү 43 пайызга көбөйүшү мүмкүн дегенди билдирет. Мындай көрүнүш ыңгайлуу аба ырайы, экинчи жагынан өкмөттүн коопсуздукту камсыздоодогу алсыздыгы жана маңзаттарына каршы операцияларга берилген эл аралык жардамдын азайышы менен түшүндүрүлөт.

«Талибан» апийимден түшкөн акчаны көпчүлүк учурларда өкмөттүк жана НАТО аскерлерине каршы чабуулдарын каржылоо үчүн пайдаланат. Ооганстанда өстүрүлгөн апийим дүйнөдөгү героиндин негизги булагы. Апийим Ооганстанда 2001-жылдан тарта ири көлөмдө эгиле баштаган. 2013-жылы 5 миң тонна апийим өндүрүлүп, бул заттын дүйнөлүк өндүрүшүнүн 80 пайызын түзгөн.