Бул тууралуу мамэкотехинспекциянын суу ресурстарын жана объектилерин контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысы Алмаз Ташпаев билдирди.
Айтымында, Чоң Чүй каналынан келүүчү суу Бишкек жылуулук ишканасынын турбиналарын муздатуу максатында колдонулат. Канал Бишкек жылуулук берүүчү ишканасына таандык жана анын узундугу 2 км. Долбоорго ылайык каналдын ортосунан баштап эки жагына чейин 40 м аралыкта эч кандай курулуш тургузууга уруксат жок. Бирок бул талаптар аткарылган эмес жана одоно мыйзам бузулган.
Бишкек жылуулук берүүчү ишканасы тарабынан эч кандай көзөмөлдүн жоктугунан учурда жылуулук берүүчү ишкананын карамагында турган каналдын жээгинде кафелер, май алмаштыруучу жана унаа жуучу жайлар мыйзамсыз курулуп кеткен.