ЖКнын экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында «2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, депутаттар ушул жылдагы каржылык маселелер тууралуу маалымат угушту.
Депутат Азамат Арапбаев салыктан түшкөн кирешенин азайгандыгына кызыкса, депутат Абдумажит Юсуров Москва районундагы Александровка айыл аймагында сегиз жылдан бери курулушу бүтпөй келеткан бала бакчаны мисал келтирип, ушул жылы канча социалдык мекеменин курулушу мерчемделгендиги тууралуу сурады. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Турдубек Мамбетов 224 социалдык мекеменин курулушун бүткөрүү тапшырмасы берилгендигин, аталган бала бакча да ошол планда бар экенин маалымдады.
Башка депутаттар да мындай көйгөйдүн азайбай эле, айтылган маселелер айтылган жерде калып жатканын белгилешип, Каржы министрлигине социалдык курулуштарга бөлүнчү акча каражатты тездетип бөлүү тапшырмасын берди.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору комитет тарабынан жактырылып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөтөтүлдү.