Акыйкатчы Кубат Оторбаев Ала-Букада өлгөн адамдын денесин мазактоо фактысы боюнча башкы прокурор Индира Жолдубаевга кайрылды.

Оторбаев Ала-Бука районунда өлгөн адамдын денесин мазактоо фактысын угаары менен акыйкатчынын Жалал-Абад облусту боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлерине маселени жеринде иликтөөнү тапшырган.

14-октябрда Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар жана имамдар башка динге өтүп кеткен деген жүйө менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай коюшкан.

Талаш-тартыштардан соң Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү Өрүктү айылына таандык жерге жашырылган. Бирок ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алган. Мындан соң сөөк Ала-Бука айылындагы жергиликтүү христиандардын мүрзөсүнө коюлган эле.