Премьер-министринин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков бүгүн Беларустун Минск шаарына Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барды.
Эртең Жээнбеков Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган КМШ өкмөт башчыларынын жыйынына каташышат.
Жыйында КМШ жана Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин кызматташтыгы тууралуу актуалдуу маселелер каралат.
Сооронбай Жээнбековдун Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын жыйынына катышуусунун алкагында, анын эки тараптуу жолугушуулары да пландалган.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Олег Панкратов, транспорт жана жолдор министринин милдетин аткаруучу Замирбек Айдаров, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Азамат Сулайманов жана башка расмий өкүлдөр бар.