Суу- энергетикалык баланска олуттуу көңүл буруп, чакан ГЭСтерди ишке киргизип, табият берген суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу керек. Бул багытта мыйзам долбоору да даярдалып жатат.

Мындай маалыматты «Республика — Ата-Журт» фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев билдирген.

ЖЭБ кубаттуулугун жылуулукка эле эмес, электр энергиясын өндүрүүгө дагы колдонулуп жатканы бир топ татаалдыкты жаратууда. Мунун айынан мисалы, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары эптеген эле жылуулукту алып жатышат. Негизи азыркы ЖЭБдин кубаттуулугу болгону 8 км. радиустагы аймакка гана жылуулукту таратууга ылайыкталган. Бул ойлоно турган маселе,- дейт депутат.

Эл өкүлү ошондой эле “акылдуу эсептегичтер” энергетика тармагындагы жоготууларды бир топ азайтат,- дейт. “Бул багытта иштеп жаткан жеке ишкерлердин тобу бар. Алар “акылдуу эсептегичтерди” Кытайдан, Молдовадан бери ташып келишүүдө. Бул жакшы деген менен алардын көпчүлүгү бир жылдан кийин иштен чыгып калууда. Ички түзүлүшү түшүнүксүз болгон ошондой жабдыктарды алгандын ордуна, ошондой “акылдуу эсептегичтерди” жергиликтүү шартта даярдоонун жолун издешибиз керек”, — дейт Э.Байпакбаев.

Ошондой эле уктурууга катышкан “Энергохолдинг улуттук компаниясы” ААКнын башкармалыгынын төрага орун басары Нурлан Садыков  “акылдуу эсептегичтер” боюнча иштер дагы да жүрүп жаткандыгын билдирди. Кыргызстан боюнча бүгүнкү күндө жалпысынан 36 миң “акылдуу эсептегичтер” орнотулган болсо, алардын эсебин жакынкы аралыкты 59 миңге жеткирели деген планыбыз бар. Ал ноябрь-декабрь айларында соңуна чыгат,  — деди адис. Бирок, депутат Э.Байпакбаев 1 млн. 300 миңдей абонентттер турганда 59 миң “акылдуу эсептегичтин” орнотулганы бир топ эле аздык кылаарын сынга алды.

Андын тышкары, кезегинде иштеп турган “Ореми” заводу трансформаторлорду даярдачу. Бирок, азырынча анын кубаттуудугу да жетиштүү деңгээлди камсыздай албайт. Себеби, керектөөчүлөрдүн суроо-талабы аз, -дейт “Энергохолдинг улуттук компаниясы” ААКнын өкүлү.

Депутаттар койгон маселелердин дагы бири эскилиги жеткен жыгач тибиндеги электр мамылары. Алар качан алмашылат? –деген суроо байма-бай көтөрүлгөндүктөн, бул суроонун дагы жообун биле кетүүнү эп көрдүк. Бул боюнча Н.Садыков жооп кайтарып, учурда “Түндүкэлектро” ишканасы тарабынан 2 миңден ашуун жыгач электр мамылары бетон мамыларга алмаштырылгандыгын билдирди.