КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев мандатынан тапшыра турганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Ал Жогорку Кеңештин депутаты болгонуна бүгүн бир жыл толуптур.
«Бир жыл ичинде мен көп нерседен өттүм. Азыркы парламенттин курамындагы депутаттардын көпчүлүгү чынчыл адамдар экени кубандырат. Бир жылда биз өлкөгө абдан керектүү бир катар мыйзамдарды жана чечимдерди кабыл алдык. Мына ушул иштердин баарына катышуу мен үчүн чоң жана жакшы мектеп болду», — дейт ал.
Мискебаев акыркы күндөрү мына ушулардын тегерегинде ойлонуп, депутаттык мандатын тапшырууну чечиптир.
«Ошондуктан мурдагы коомдук ишиме кайрылууну чечтим. Мен парламентке “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинен келгем. Эми кайра барып, 7-апрелде жабыр тарткандарды коргоо ишин улантам», — деди эл өкүлү.