Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн жогорку окуу жайларынын эң мыкты студенттерине президенттик стипендияларды тапшырды.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы быйыл 61 студент максатка умтулгандыгы жана максатынан кайтпаган көктүгү үчүн президенттик стипендияга татыктуу болгонун айтты жана аларды куттуктады.
Алмазбек Атамбаев билимдин маанисин, ошондой эле чет тилдерди билүүнүн зарылдыгын балгиледи.
«Мамлекеттик тилди билбегендик – бул күнөө эмес, мамлекеттин башына түшкөн мүшкүл. Анткени мамлекттик тилди окутууга каражат өткөн жылы гана бөлүнө баштады. Баары мамлекеттик тилди түшүнүп, бири-бири менен мамлекеттик тилде сүйлөшүп баштаганча көп жылдар өтөт деп ойлойм. Азыр тилдерди үйрөнүү – эс-акылыңды сергек кармоонун эң башкы ыкмаларынын бири. Бир нече тилди билип, адамдар менен алардын эне тилинде сүйлөшүүнүн жакшы жактары көп. Президент катары мага бул абдан жардам берет», — деди Мамлекет башчысы.
Президент андан ары сөзүн улап, Кыргызстандын келечеги чоң экендигин айтты.
«Анткени акыркы жылдары биз элдин демин ойготуп, пассионардуулугун өстүрө алдык. Биздин региондо Кыргызстан менен эч ким теңдеше албайт. Ага биздин искусствобуз – биздин кино тасмалар, бийлерибиз, ырларыбыз ишенимдүү далил боло алат. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 30 млн доллар кетирди деп көрө албастар күнөөлөгүсү келгени менен биз келишкен ат майданын, анын жанына спорт комплекс курдук. Айрым өлкөлөр Олимп оюндарынын ачылышына алда канча көп сарташты, а эми биздин Оюндардын ачылышы андан кем калган жок», — деди Атамбаев.
Андан ары Президент Алмазбек Атамбаев жогорку окуу жайлардын 61 эң мыкты студенттерине 50 000 сомдук стипендияны жана мактоо баракчаларын тапшырды.