Швед бийлиги миңдеген еврейлерди нацисттерден сактап калган II дүйнөлүк согуштун баатыры Рауль Валленбергдин өлгөнүн, дипломат дайынсыз жоголгондон бери 70 жыл өткөндөн кийин расмий түрдө жарыялады.

Валленберг Швециянын Будапештеги өкүлчүлүгүндө дипломатиялык постто иштеген. Ал 1944-жылы июлда 20 миң венгер еврейге атайын “сактоочу паспорт” жазып берип, Холокосттун акыркы айларында алардын өмүрүн сактап калган.

1945-жылдын башында, советтик армия Будапештке кирип келгенде Рауль Валленберг кармалып, Москвага жөнөтүлгөн жана болжолу совет түрмөсүндө көз жумган.

Валленбергдин өлүмүнүн жагдайлары табышмак бойдон калууда. Бул тууралуу 31-октябрда швециялык Expressen гезити жазды. Швеция атуулдарынын туулгандыгын жана өлгөндүгүн каттаган мекеме бул маалыматтарды тастыктады.