Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн 2016-жылдын 11-декабрына референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окууда жактырды.

Добуш беришип, комитеттин 9 мүчөсү «макул», 1 мүчөсү Чолпон Жакупова «каршы» болду.

Бул долбоор парламенттин жалпы жыйынында 3-окууда жактырылса, президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.