Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Германиянын жаратылышты коргоо бирлигинин (НАБУ) федералдык аткаруучу директору Лайф Миллер менен жолугуп, Кыргыз Республикасынын аймагында экосистеманы жана ак илбирсти сактоо маселесин талкуулашты.

Сооронбай Жээнбеков Германиянын жаратылышты коргоо бирлигине көп жылдык жемиштүү кызматташууга багытталган популяцияны жана ак илбирс чөйрөсүн коргоо жаатындагы иши үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ак илбирс – биздин өлкөдө жапайы жаратылыштагы эң бир табышмактуу  жаныбар. Кыргыз өкмөтү НАБУ менен кызматташууга чоң маани берип, ак илбирсти сактоо жана аны көбөйтүүнү колдойт. Дал ошол НАБУ колдоосу менен 2002-жылы Ысык-Көл облусунда ак илбирсти сактоодо маанилүү ролду ойногон, Борбордук Азияда «Ак илбирс» реабилитациялык борбору ачылган. Мындан сырткары НАБУ Ысык-Көл биосферасын сактоого да олуттуу салым кошту», – деди  Сооронбай Жээнбеков.

НАБУ Федералдык аткаруучу директору Лайф Миллер Германияда жапайы жаратылышты коргоого салым кошкон НАБУнун 600 мүчөсү бар экенин айтып, алардын Бишкектеги филиалы тууралуу да маалымат берди.

«Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаевге жана өкмөткө биздин ишке колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Германияда Алмазбек Атамбаев тарабынан 2013-жылы Ак илбирсти сактоо боюнча дүйнөлүк II форумдун жүрүшүндө айтылган «ак илбирске мээленген ок аркылуу өз элиңе ок атасың» аттуу сөзү чоң мааниге ээ болгон. Ак илбирсти сактоодогу оңдуу тажрыйбасын эске алуу менен НАБУ ак илбирсти сактоо боюнча кезектеги форумду өткөрүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр, анын өткөрүлүшү 2017-жылга пландаштырылган», – деди Лайф Миллер.

НАБУ Федералдык аткаруучу директору Лайф Миллер ошондой эле Германияда «Кыргыз Республикасынын кечтерин» өткөрүү сунушу менен чыкты, анын жүрүшүндө немецтер аймагында ак илбирс мекендеген кыргыз элинин тарыхы жана маданияты, кайталангыс жаратылышы тууралуу көп маалыматтарды биле алат.

Сооронбай Жээнбеков НАБУ Федералдык аткаруучу директору Лайф Миллерди Кыргызстандын досу атап, Германияда «Кыргыз Республикасынын кечтерин» өткөрүү сунушун колдоого алып, аталган иш-чара жаратылышыты коргоого гана шарт түзбөстөн, эки өлкө ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө шарт түзөөрүн белгиледи.