«Кыргызтуризм» өзүнө караштуу объекттерди жеке менчикке мыйзамсыз сатып жатканы тууралуу кайрылуулар түшүүдө.
Анын карамагында 40 объекттен 10 гана объект калыптыр. Тезинен аларды кайтарып алуу чараларын көрүп, «Кыргызтуризмдин» мурдагы жетекчиси Темиралиевдин жоопкерчилигин кароо керек.
Бул тууралуу депутат Ирина Карамушкина Жогорку Кеӊеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
«Мисалы, «Ысык-Көл» пансионатындагы эки кабат корпус, Бишкек шаарындагы «Кыргызтуризмдин» имаратынын 1-кабаты менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен. Жогорку Кеӊештин тармактык комитети ушул сындуу маселелерге арналган кеӊейтилген жыйын өткөрүп, мыйзамсыз сатылган коомдук мүлктү кайтарып алуу жана күнөөлүү жетекчилердин жоопкерчилигин кароо боюнча чараларды көрүү зарыл», — дейт депутат.