Германия канцлери Ангела Меркель шейшембиде сириялык өкмөт күчтөрүн “адамзатка каршы кылмыштарды” жасоого күнөөлөдү.

Анын пикиринде, мунун жазасыз калтырууга болбойт.

Меркелдин айтымында, кассеталык жана күйүүчү бомбаларды, ошондой эле химиялык куралдарды колдонгондорду кечирүүгө болбойт. Бул тууралуу Германия канцлери Берлинде тынчтык сыйлыгын алып жатып билдирди.

«Карапайым калк ачарчылыкты баштан кечирүүдө, медициналык мекемелер кол салууга кабылууда, дарыгерлер курман болуп, ооруканалар кыйроодо

«Бул адамзатка каршы олуттуу кылмыш болуп эсептелет. Биз мунун көз жаздымда калтырбашыбыз керек”,- деди Меркель.

Буга чейин укук коргоо уюмдары жана батыш өлкөлөрү Орусиянын аскердик аба күчтөрүнөн колдоо алып жаткан Сирия армиясын ооруканаларга, набайканаларга жана Алеппонун чыгыш бөлүгүнө кол салууга айыптаган.