«Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Интернетке лидери Абу Бакр аль-Багдадинин видеокайрылуусун жарыялады.
Тасманын узундугу жарым саатка жакын. Анын аныктыгы азырынча ырастала элек.
Исламчылар тарабынан аль-Багдади делинип жаткан видеодогу адам тарапташтарын Мосулду коргоого чакырган. Ал ИМ тобунун күчтөрү шаарды таштап кетпестигин жана жеңишке жете тургандыктарына ишенерин кошумчалап, Түркиянын дарегине опузалоо сөздөрүн айткан.
Бул аль-Багдадинин бир жылга жетпеген убакыт ичиндеги алгачкы кайрылуусу. Буга чейин анын өлтүрүлгөндүгү тууралуу божомолдор айтылган, бирок террорчул топ ал тууралуу кабарлоону каалабайт.
Кайрылуу «Ислам мамлекети» тобунун согушкерлери 2014-жылдан бери ээлеп турган Мосул шаарын бошотуу операциясы башталгандан эки жума өткөн соң жарыяланууда. Расмий түрдө шаарга чабуул жасоолор 17-октябрда башталган. Ага ирак аскерлери, шийит козголоңчулары жана ирактык күрттөрдүн отряддары катышууда. Аларга Кошмо Штаттар башында турган коалициялык күчтөр абадан колдоо көрсөтүүдө. Ушул аптада ирак аскерлери Мосулдун чыгышындагы районго кирип барышкан.