6-ноябрга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун, Каракол-Эңилчек унаа жолунда , Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусунда кар көчкүнүн түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Ошондой эле жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, ӨКМдин телефонограммасы чыгып, тийиштүү жарандык коргонуу кызматтарына, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүү жөнөтүлгөн.