Ош шаарынын Өзгөн көчөсүндө жайгашкан «Шанхай» кафесинин 100 чарчы метр ички шыбы, 2 терезеси, 1 муздаткыч жана идиш-аяктар күйүп кетти.

Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар эсептелинүүдө.

Бир суткада өлкө аймагында 22 өрт кырсыгы катталды.