Кечээ Тажикстан парламентинин депутаттары кылмыш кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алды.

Анда “Тынчтык жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү – Улут лидерине” акарат келтирип же жалаа жапкандар жоопко тартылат. Мындай титулга өлкөнүн азыркы президенти  Эмомали Рахмон эгедер.

Улут лидерине эл алдында акарат келтиргендер беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Президент аппаратын жана парламенттин мыйзамдуулук боюнча комитетин жетектеген өлкө башчынын кызы Озода Рахмондун билдиришинче, Интернетти, анын ичинде социалдык түйүндөрдү жана ММКларды колдонуу менен журт башчысына шек келтиргендер дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

64 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 25 жылдан ашуун убакыттан бери башкарып келет. Өткөн ай соңунда конституциялык мыйзамдарга өзгөртүү киргизилип, өлкө президенти эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү катары жарыяланган.