ЖКда жаӊы өкмөттүн түзүмү, курамы, иш программасы талкууланып жатканда, бир катар депутаттар өлкө чегарасындагы, өзгөчө кыргыз-өзбек чегарасындагы абал тынчсыздандыра турганын, коӊшу мамлекеттер менен бирге абалды жөнгө салуу чараларын көрүү зарылдыгын айтышты.

Вице-премьер-министрликке талапкер Жеӊиш Разаков 2010-жылдан бери Өзбекстан менен мамиле анчалык болбой келгенин белгилеп, быйыл кыргыз-өзбек делегациялары 5 жолу жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди чечүү жолдорун сүйлөшкөнүн, ушу тапта Өзбекстандын аймагында эки тараптын кезектеги жолугушуусу өтүп жатканын билдирди.

Ошондой эле, кыргыз-өзбек чегин тактоо иштери улантылып жатканын, 49 талаш жер боюнча макулдашууга жетишилгени, тактоо жолжоболору аяктаган соӊ, чекараны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери жасала турганы белгилүү болду. Азыр баардык талаш маселелер эки тараптын макулдашуусу аркылуу чечиле баштады.