Өзбекстандын Боршайкому көзү көрбөгөн жарандарды добуш берүү укугу менен камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүүдө.
Алар үчүн президенттик шайлоодогу бюллетендер Брайл арибин пайдалануу менен даярдалат. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.
Мыйзамга ылайык, Өзбекстандын президентин шайлоо өлкө жарандары тарабынан жашыруун түрдө жана жалпы элдик добуш берүү аркылуу ишке ашырылат.
Өзбекстанда президенттик шайлоого өлкөнүн 18 жаштан жогору курактагы атуулдар катыша алышат. Өзбекстан жарандарынын добуш берүү укуктарын тегине, социалдык абалына, расасына, улутуна, жынысына, билимине, тилине жана диний көз карашына карап түз же кыйыр түрдө чектөөгө тыюу салынат.
Өзбекстанда президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт.