Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Баткен облусунда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Ак-Татыр-Исфана тилкесинин ачылыш аземине катышты.

Жолдун пайдаланууга берилген бул тилкесинин узундугу 87 чакырым.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы автожолдун бул тилкесинин ачылышы регион үчүн эле эмес, бүт өлкө үчүн чоң окуя экенин белгиледи.

«Биз көптөн бери күткөн күн келди. Биз курулуш иштерин баштаган кезде көптөр бул жолдун салынып бүтөөрүнө ишенишкен эмес «, — деди Алмазбек Атамбаев.

Мамлекет башчысынын айтымында, адамдын кан тамыры сыяктуу эле автожолдор жана каналдар да өлкө үчүн жана жарандар үчүн өтө керек жана алардын мааниси зор.

«Жолсуз, суусуз жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кыла албасак, анда регион да, өлкө да өнүкпөйт, — деди Алмазбек Атамбаев. – Биз бардык ушул багыттар боюнча иштеп жатабыз жана мындан ары да бул иштер улантылат. Стратегиялык автожолдордун курулушун каржылоо маселеси чечилген, Баткен облусунда маанилүү ирригациялык долбоорлорду жүзөгө ашырсак деген пландарыбыз бар».

Президент ошондой эле жолдорду куруу менен бирге мамлекет регионалдык аэропорттордун самолеттор учуп-конуучу жолдорун оңдоого да каражат табышы керек. Бул республиканын ички аба каттамдарын жөнгө салуу үчүн керек.

Өз сөзүндө президент ошондой эле Кыргызстандын Евроазия экономикалык биримдигине кошулушуна байланыштуу да ойлорун ортого салды.

«Биздин негизги милдеттерибиздин бири – бул Орусияда жашап жана эмгектенип жатышкан биздин мекендештерибиздин абалын жакшыртуу болду. Бүгүн бул экономикалык биримдикке кошулганыбыз туура эмес болгон деп жүргөндөр бөтөн жерде биздин эмгек мигранттар кандай кыйын шарттарда жашап жүрүшкөнүн билишпейт «, — деди Алмазбек Атамбаев.