Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагында 8-ноябрда саат 16:00 чамасында 4-класстын окуучусу (эркек бала) сарайдын айланасында ойноп жүргөн жеринде карышкыр тиштеп, натыйжада денесинен жаракат алган.
Карышкыр ошол жерде баланын атасы тарабынан атып өлтүрүлгөн.
10-ноябрда карышкырдын өлүгү райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан республикалык лабораторияга текшерүү үчүн жиберилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы чыга элек. Азыркы күндө жаракат алган Айыпов Улукбек райондук оорукананын хирургия бөлүмүнө жаткырылып, дарыланууда.