«Бир бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагалык ордун бошотту.

Бул тууралуу ал бүгүн комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, алардын фракциясы көпчүлүк коалицияга киргени себеп болгон.

Шадиев комитеттин мүчөлөрүнө чогуу иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.