Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине депутаттарды шайлоого жана  «Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелери, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын шайлоого даярдык көрүүдөгү өз ара аракеттешүүсү, ошондой эле шайлоо комиссияларын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо маселелери талкууланды.

«Участкалык аймактык комиссиялар жер-жерлердеги мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта иш алып барууда, участкаларды материалдык-техникалык жактан камсыздоодо көмөк көрсөтүлгөн», – деп маалымдады Нуржан Шайлдабекова.

Учурда шайлоо участоктору ачылууда, шайлоо мыйзамына ылайык шайлоочулар тизмесин тактоо процесси 2016-жылдын 26-ноябрына дейре улантылат.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова эскерткендей, шайлоо мыйзамына ылайык добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары, анын катарында чет өлкөдөгү  кыргыз жарандары да катыша алат.