Белгилүү түркмөн ырчысы Назир Хабибов жеке колдонуу үчүн бир канча жолу маңзат сатып алгандыгы үчүн 12 жылга соттолду.

Бул тууралуу көз карандысыз ММКлар жазышты.

Басылмалардын маалыматы боюнча, соттон кийин түркмөн бийлик өкүлдөрү ырчынын жубайы менен жолугуп, эч кимге маек бербөөнү талап кылышкан.

Андан сырткары 28-августта (Хабибов камакка алынган күнү) дагы бир белгилүү ырчы Хажи Язмаммедов кармалган. Бирок ал бир канча убакыттан кийин бошотулган.