Мамэкотехинспекция “Юг – Эко Хант” жоопкерчилиги чектелген мергенчилик коомуна текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, “Юг – Эко Хант” ЖЧКсы одоно мыйзам бузуулар менен иш жүргүзүп жатышкан. Буга чейин бир нече ирээт эскертүү кагаздарына жооп бербей, инспекторлордун мыйзамдагы талаптарына баш ийген эмес. Жыйынтыгында аталган ЖЧК эч кандай юридикалык уруксаат кагаздары жок, чет элдик жарандарга жапайы жаныбарларды атууга уруксаат берип келишкен. Ошондой эле “Юг – Эко Хант” ЖЧКсында канча адам иш жүргүзөөрү так көргөзүлгөн эмес.
Аталган ишкана сырттан келген мергенчилерге, Кыргызстандагы кандай жаныбарларды атууга уруксат жана саны канчага чейин болушу керек тууралуу тийиштүү кагаздары болгон эмес. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору рейд учурунда аларды токтотуп, текшерүү жүргүзүүсүнө тоскоолдук жаратып, баш ийбей коюшкан. Жогоруда көрсөтүлгөн кемчиликтер менен биргеликте мергенчилер инспекторлорду коркутуу аракеттерин көрүшкөн. Учурда Мамэкотехинспекция тарабынан “Юг – Эко Хант”ЖЧКсынын мыйзамсыз жүргүзүп жаткан иш аракетин токтотуу үчүн чаралар көрүлүүдө.