Президент Алмазбек Атамбаев Игорь Додонду шайлоодо жеңиши менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында молдова эли туруктуу жана ар тараптан өнүккөн Молдованын пайдасына тандоо жасады деген ишенимин билдирген.

Атамбаев Молдованын жаңы шайланган президенти Игорь Додонго чыӊ ден соолук жана мамлекеттик иштерине ийгиликтерди, ал эми дос молдова элине тынчтык менен бакыбаттык каалады.