Социалдык түйүн аркылуу президент Алмазбек Атамбаевди коркуткан колдонуучуну Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издөөгө алды.
Бул тууралуу комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов билдирди.
Анын айтымында, учурда маалыматты тактоо аракеттери көрүлүп, ал адамдын тек-жайын аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин twitter социалдык түйүнүндө өзүн Муслим деп жазган колдонуучу аз күндө Кыргызстанга келип, Атамбаевге кол саларын жазган.
Колдонуучунун жүргөн жери Сирия деп жазылган.