Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына барды.
Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары Евразия экономикалык биримдигинин Бажы кодексинин долбоорун карашат.
Мындан сырткары, ЕАЭБ алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салуу жана кызматташтыктын башка актуалдуу маселелерин талкуулашмакчы.
Делегациянын курамында – вице-премьер-министр Олег Панкратов, Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, КР Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык кеңешиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, КР Премьер-министринин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, Тышкы иштер министринин орун басары Эмиль Кайкиев, Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков.