Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Москва шаарында Евразия экономикалык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Делегация курамында вице-премьер-министр Олег Панкратов, КРдин Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары, КРдин Евразия экономикалык кеңешиндеги өкүлү Санжар Үмөталиев, премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулу Ахметова, өкмөттүк аппараттын эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Айдарбеков, тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков бар.