Кадамжай районунун Халмион айылында “Гольф-3” үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып бетонду сүздү.

ӨКМ билдиргендей, унаанын айдоочусу кырсык болгон жерде каза болгон.

Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөзүп беришкен.

Ал эми жүргүнчү Азим Акбарали уулу оор жаракат менен Кадамжай райондук реанимация бөлүмүнө тез жардам аркылуу жеткирилген.