Бишкек-Ош жолунун Ноокен айыл аймагынын Коминтерин участкасында “Мерседес” үлгүсүндөгү жеңил автоунаасы менен оор жүк ташуучу автоунаалары кагылышкан.

Натыйжада жеңил унаанын 22 жаштагы айдоочусу каза болду.

Куткаруучулар каза болгон жаранды Ноокен райондук тез жардам унаасына салып беришип, райондук өлүктөрдү сактоочу жайына жеткирилген.

Ал эми оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу жеңил жаракат алып, Ноокен райондук тез жардам кызматы тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

ӨКМ кабарлагандай, анын абалы жакшы.