Эртең күндүз жана 19-20-ноябрда мезгил-мезгили менен кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Кыргызгидромет маалымдагандай, Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.